Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргузүү

Токтогул атындагы N1мектеп-гимназиясынын 9-б классынын класс жетекчиси Чынара Ибраимова 9-б, в классынын окуучуларына “ Кылмыштын түбү жаза” аттуу семинар өтүп, кылмыштуулук, зордук-зомбулук, басмырлоо, буллинг, кибербуллинг жөнүндө түшүнүк берип,
кодулоо кѳбүнчѳ кайда болорун,
кибербуллинг үчүн кѳбүнчѳ тѳмѳнкү аянтчалар жана мүмкүндүктѳр колдонуларын айтып өттү.
• мобилдик байланыш (СМС-билдирүүлѳр);
• мобилдик тиркемелер жана мессенджерлер;
• интернеттеги чаттар менен форумдар;
• электрондук почта (билдирүүлѳрдү жиберүү);
• социалдык тармактар;
• видеохостинг сервистери жана башка.Окуучулар менен жаңы кездешкен терминдердин маанисин чечмелешти. Акырында окуучулар балдар колониясына экскурсияга барган балдар тууралуу видего күбө болушуп, жыйынтыгында видео тууралуу суроолорго жооп беришип, видео тууралуу көз караштарын, ойлорун ортого салышып, кылмыш кылуунун түбү жаза менен коштолорун түшүнө алышты.
  • 1 Кароолор