Токтогул атындагы N1 -мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Жумаканова Улара 8-“Г” классына “Манас-кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы” деген темада класстык саат өттү. Кылым карыткан “Манас” эпосу жөнүндө кызыктуу маалыматтарды билишти. “Манас “ эпосу -кыргыз элинин улуттук байлыгы, оозеки элдик чыгармачылыктын баалуулугу, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври. Эпос дүйнөдөгү элдердин эпикалык чыгармаларынын формасы жана мазмуну боюнча эң көлөмдүүсү катары,«Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын казынасы. Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы экендигин окуучулар түшүнүштү.
- 1 Кароолор