Тарбиялык иштер

Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында
10-ноябрь Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь Студенттердин күнүнө карата шаардык мэрия тарабынан спорттук оюндары уюшулуп,Токтогул атындагы N1мектеп-гимназиясында шахмат оюну болуп өттү.
Шахмат боюнча мелдешке шаардык мектептердин, N89Кесиптик лицейден, колледжден командалар катышып, жалпы 9 команда мелдешишти.Оюндун башында шаардын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады.Оюн кызыктуу жүрүп, жыйынтыгында
1-орунга. 1-мектептин командасы,
2-орунга N89 лицейдин командасы,
3-орунга 2-мектептин командасы жетишти.
  • 1 Кароолор