11.11.2024 Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын жалпы жамааты педагогикалык кеңешке катышып,алгач 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнүн метод кабинетинин башчысы Орозова Тилек Касымалиевна маалымат берди.
Бул “12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы” мектептик окутууну Кыргызстандын алдында турган чакырыктарга жана замандын талаптарына ылайык багытталган өлкөнүн билим берүү системасында негизги өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө негиз болуучу документ болуп саналарын айтып өттү.
Анын эң маанилүү жери- мектеп бүтүрүүчүсүнүн жаш курагы эч кандай өзгөрбөсүн жана 11жылдык окуудагыдай эле бойдон каларын баса белгиледи.
Бардык өтүүлөр 2025/2026-окуу жылынан 2027/2028 -окуу жылына чейин жүргүзүлөрүн айтып,
акыркы этап-12жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилерин,2010-жылкы балдар биринчи бүтүрүүчү болушарын, толук 12жылдык программа менен 2026-2026-окуу жылында 1-класс кирген балдар, мектептин биринчи 12 жылдык 2036/2037-окуу жылындагы ( 2019-жылы туулган) бүтүрүүчүлөрү болорун түшүндүрүп өттү.
Мектептин окуу-тарбия боюнча директордун орун басарлары Кадырова Жылдыз Чокоевна жана Каракозуева Айгүл Карыпбаевна 1-чейректин жыйынтыгын анализ жасашып, класстардын билим сапатын мониторинг аркылуу көрсөтүшүп, сабакта жетишпей жаткан окуучулар менен жеке иштөө боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна “Нарктуулук кичине кезден башталат” аттуу доклад окуп, докладында кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын баланын кичине кезден жан дүйнөсүнө сиңирүү керектигин икаялар менен коштоп, бала бакча жана мектеп курагындагы окуучуларды нарктуулуктун үлгүлөрүнө үйрөтүү керектигин баса белгилеп, класс жетекчилердин 1-чейректеги жасалган иштер боюнча анализ жасап, жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат берип, класс жетекчилердин ишине ийгилик каалап, иш-чара өткөрүүдө колдоо көрсөткөн эжеке-агайларга ыраазычылык билдирди.
Андан соң ар түрдүү маселелер орун алды.
- 1 Кароолор