Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна 8-“А” классына Жаштар күнүнө карата жаштардын билимин жана чөйрө таануусун жогорулатуу максатында интеллектуалдык “ Манас таануу” таймашын өткөрдү. Таймашка “ Мурас” жана “ Айкөл Манас” аттуу эки топ катышып, программадагы саламдашуу, сыр куржун, топтордун өз ара суроосу, топ башчыларына суроо жана топторго даярдалган суроолорго жооп берип, активдүү катышышты. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадырова Айнтза Сонунбековна калыстык кылып,сынактын катышуучуларынын таймашта жетишкен жактарын , кемчиликтерин айтып, “Мурас” тобу 39 балл, “Айкөл Манас” тобу 49 балл менен жеңишке жетишкендигин айтып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, окууларына ийгилик каалады.
- 1 Кароолор