Токтогул атындагы N1 мектеп- гимназиясында Кара-Көл шаардык оорукананын «Ден соолукту чындоо» кабинетинин башчысы Дуйшөбаева Эльбиза Билсинбековна 6-7-8-9-10-11- класстарга семинар өтүп, Спид оорусу жана зордук-зомбулук боюнча слайд аркылуу түшүндүрүп өттү.
ВИЧ тин жугуу жолдорун, корголбогон жыныстык катнаш, шприцтерди же башка иньекциялык каражаттарды бирге же бир нече жолу колдонуу, энеден балага, кан куюуда, таза эмес медициналык аспаптарды колдонууга жол берилсе оору жайылууга дуушар болот. Оорунун акыркы стадиясы өлүмгө алып келери айтылды. ВИЧ менен ооругандардын саны статистика боюнча алып караганда эркектер 7571, аялдар 4473, балдар 735 балдар бул оору менен ооруп калгандыгын көрсөттү.
Зомбулук деген эмне? Балдарга бул суроону берүү аркылуу зордук- зомбулук жөнүндө кыскача талкуу уюшулду.Зомбулуктун аягы жакшы болбосун айтып, слайд аркылуу зомбулуктун түрлөрүнө токтолуп, денелик, психикалык-эмоциялык, сексуалдык, баланын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыгына кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө ар бир түрүнө кенен токтолуп өттү.Зордук-зомбулуктун жакынкы жана алыскы залакаларына да токтолду.Зомбулуктан жабыркаган балдардын социалдык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрүн басым жасады.Статистиканы алып караганда зомбулукка учураган балдар көп кездешери айтылып, мындай учурда ишеним телефондоруна кайрылуу керектигин белгиледи. Эльбиза мугалимдер үчүн да “Депрессия” деген темада доклад окуп, мугалимдерге тесттик материалдарды колдонуп, психологиялык тест жүргүзүп, суроолоруна жооп берди.Керектүү маалыматты бергендиги үчүн Эльбиза Билсинбековнага ыраазычылык билдиришти.
- 1 Кароолор