Ата-энелер мектеби

18.11.2024 Токтогул атындагы N1мектеп-гимназиясынын 8-а классынын класс жетекчиси Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна “ Ата-энелер мектебинин” алкагында “Тарбия жана бала
Бала менен баарлашуу” аттуу темада ата-энелерге сабак өтүп, алгач ата-энелерге элдик педагогикага басым жасап, ата тарбиялаган бала-эстүү, эне тарбиялаган бала- эптүү, окуу жай тарбиялаган бала- мыкты болорун айтып өттү. Бала-үй бүлөнүн күзгүсү,суунун тамчысынан күндүн нуру көрүнгөндөй эле ата-энесинин алеп -ахлагы баладан көрүнөрүнө токтолду. Балага тарбия берүүдө кетирген ата- энелердин катачылыктарын айтып, ата- энелерге талкуу уюштурду.Чоң адамдардан да ката кетерин айтып кетишти.
Мугалим ата-энелерден балдар колдоону, камкордукту, түшүнүүнү,сүйүүнү,чечимин жактыруусун күтөрүн айтып,балдарыбызды туура тарбияласак, бактылуу карылыгыбыз экенине токтолуп, улуу максат-улуу күчтү жаратарын, кесипке болгон шыктандыруусун ойготуу керектигин, чыгармачылык менен иштөөгө үйрөтүу,өзүн ар тараптуу өнүктүрүүгө, жоопкерчилик менен мамиле кылууга даярдоо керектигин эскертип өттү. Бала менен баарлашуу баланын келечеги үчүн мыкты мүмкүнчүлүк жаратарын, баарлашуу менен анын жан дүйнөсүндөгү уйгу -туйгу ойлордун арасына сүңгүп кирип таанышуу экендигине токтолду. Окуучулардын” Эгер мен апамдын ордунда болсом “ деген эссесин апалар окушуп, өз ойлору менен бөлүшүштү.
Экинчи бөлүмдө 1-чейректе 2:-жыйынтыгы угузула , ап түрдүү маселелерге , мектеп формасы, кечигүү, катышууга токтолуп өттү.Ата-энелер балдарын көзөмөлдөп, мектеп уставы менен иш алып барарын билдиришти.
  • 1 Кароолор