Токтогул атындагы N-1 мектеп гимназиясынын 3"Б" классынын класс жетекчиси Арыкбаева Шарипа Сангытовна " Калп айтуу, жалаа жабуу" деген темада ата-энелерге тарбиялык саат өттү.
Окуучуда калпычылык кичинекейинен ата-энелердин орой жаман мамилесинен улам болору айтылып,окуучу коркконунан калпычылыкты адат кыларын ата-энелерге түшүндүрүп өттү. Ата-энелер 3топко бөлүнүшүп, макалдарды чечмелеп, чакан аңгеме жазышты. Мен баламды кантип шыктандырам? Канткенде баламды мыкты тарбиялайм? деген суроолорго жооп беришип өз ойлорун ортого салышты. "Мен сени жакшы көрөм, мен сага ишенем, мен сага жардам берүүгө даярмын" деген жылуу сөздөрүн балдарына айтышып, жагымдуу маанай менен ыраазычылыктарын айтып кайтышты.
- 1 Кароолор