Кара - Көл шаарындагы Токтогул атындагы № 1 мектеп-гимназиясынын 4-г классында тарбиялык саат өтүлдү. Сабакта улуттун улуулугун сактаган "Манас' эпосундагы накыл сөздөр, каада - салт ,үрп -адаттар боюнча окуучулар кеңири сүйлөп , суроолорго так, таамай жооп бере алышты. Окуучулар " Манас" эпосу - улуу тарых, улуу сөз, улуу нарк, улуу салт, улуу педагогика, улуу сүйүү экендигин жан дүйнөлөрүнө эпостун бир сүртүмү катары сиңире алышты. "МАНАС" эпосунан үзүндү айтып беришти.JeopardyLabs программасы менен дагы кызыгуу менен иштешти.
Маалымат жазган: Токтосунова Бурулсун Кыргызбаевна
- 1 Кароолор