Жаңы түзүлгөн жалпы билим берүүчү мектептин мамлекеттик билим берүү стандартында окуу жүктөмүн жана окуу планын кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу 18-мартта Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева Билим берүү министрлигинде өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, окуу планын кыскартып, окуу жүктөмүн азайтуу сунушталып жатат. Максималдуу жана жумалык окуу жүктөмүнүн ортосундагы айырмачылык – окуучунун өз алдынчалуулугун жана жөндөмдөрүн эске алуу менен келечектеги кесибин тандап алуусуна жана эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге жараша предметтерди тереңдетип окуу жана профилдик окутуу.
Ошондой эле жаңы билим берүү стандартында башталгыч мектепте баа коюлбаган баалоо босогосун жогорулатуу сунушталууда. Эгер мурун 2-класстын экинчи жарым жылдыгында баа коюлуп баштаса, эми баа 3-класстын экинчи жарым жылдыгында коюла баштайт.
«Бул азырынча жөн гана сунуш, кабыл алына элек. Талкуудан кийин чечим чыгат», - деди Дюшеева.
Ал 5 айдын ичинде Базистик окуу планын жана башталгыч мектеп үчүн стандарттарды иштеп чыгып, бекитүү керектигин кошумчалады.
Жыйынга катышуучулардын бири окуу планын кыскартуунун натыйжасында орто эсеп менен 30 саат калганын айтты.
«Мурун окуу планы 32-34 саатка чейин кыскартылган. Мунун натыйжасында сабактарды окуу үчүн сааттар аз болуп, предметтердин мазмуну өзгөрбөйт, себеби жаңы мамлекеттик стандартка жооп бере турган жаңы окуу китептери жок. 2014-жылы мамлекеттик стандарт кабыл алынган, ал 2017-жылы өзгөртүлүп, бирок окуучулар окуу китептерин алышкан жок. Иш жүзүндө биз балдарды эски окуу китептери боюнча, бирок жаңы кабыл алынган мамлекеттик стандарттар менен окутуп жаткандай болуп жатабыз», - деди ал.
Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлү Елисей Син 5 күндүк окуу каралып жатканын, ошондуктан 30 саат жазылганын айтты.
«Жаңы Базистик планга ылайык, максималуу жүктөм мурункудай эле калды, ошондуктан сааттарды кыскартуу күтүлбөй эле турат. Айырмасы – өзгөрүлмө сааттар көбөйдү. Сааттардын кыскарышы айрым предметтердин интеграцияланышына байланыштуу болду. Мисалы, башталгыч мектепте адеп сабагы алынды – 10 предмет болчу, 9 болуп калды. Эгер мурун өзгөрүлмө компонент 5-класста 1 саат гана босо, эми өзгөрүлмө компонент 22 саатты түзүп, 2-класстан 11-класска чейин болот», - деп түшүндүрдү Елисей Син.
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков сааттарды кыскартуу боюнча туура эмес ыкма тандалганын белгиледи.
«Азыр масштабды кеңейтели, андан кийин Билим берүү министрлиги өзүнүн ыкмасын кайра карап чыгат. Росииядан келген агартуу министри ал жакта 35 саат бар экенин айтты, а силер 33дөн 30га кыскартканы жатасыңар. Мейли, өзгөрүлмө предметтер, бирок Каржы министрлиги 30 саат деп эсептеп коёт, анан мугалимдерге ошол акча төлөнүп калат», - деген оюн билдирди Новиков.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова министрлик карап чыгууга даяр экенин билдирди.
«Ар бир окуу предмети, ар бир саат үчүн Каржы министрлигинде миллиондогон каражаттар бар. Башында билим берүү системасынын алдына так милдет коюлган. Бардыгы бизде окуу жүгү чоң экенин, балдарды жана мугалимдерди ушинтип кыйнаганга болбойт деп айтышкан. Ошондо милдет коюлган – 5 күндүк окуу. Окуу жүгү 900гө, 840ка чейин кыскарган. Биз азыр ар бир предмет, ар бир саатты коргоп жатып, 1020 сатта араң кармалып турабыз. Бул каржылоого байланыштуу. Эгер өкмөт бизди колдоп берсе, биз баарын жакшылап иштеп чыгууга даярбыз», - деди Жусупбекова.
«Жакшы планды иштеп чыгып, Каржы министрлигине аны коргогону баралы. Эгер бул пайда менен жыйынтык берсе, анда биз каржылоо маселесин талкуулайбыз», - деди Новиков.
Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:428558/?f=cp
- 8 Кароолор