Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары 1-декабрь -СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата шаардык мэрия тарабынан уюшулган мектептер аралык жөө жүрүшкө чыгышып, “Биз СПИДге каршыбыз” деген ураан менен лозунг жана плакаттарды кармашып, шаар ичин айланып жүрүш жасашты. Бул иш-чарага шаардын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич катышып, шаардык оорукананын “ Ден соолукту чыңдоо” борборунун жетекчиси Дүйшөбаева Эльбиза Билсинбековна оору жана анын кесепеттерине кыскача токтолуп өттү. Иш-чара ийгиликтүү өтүп жыйынтыкталды.
- 1 Кароолор