Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 9-10-11-классынын окуучуларына Кара-Көл ШИИБдин ЖКК бөлүмүнун башчысы милициянын капитаны Базаркулов Майрамбек Асанбекович, кенже тескөөчү милициянын прапоршиги Карыпбаев Тимур Шекербекович, кенже тескөөчү милициянын сержанты Күлчоро уулу Казыбек келип, ар бир окуучу жолдо жүрүү эрежесин жакшы билүүгө тийиш экендигин, көчөлөрдөгү автомобилдер, автобус, тынымсыз ары-бери өтүп турушун , ошол тынымсыз жүргөн түрдүү машиналардан этият (сак) болуу баарыбыздын милдетибиз экендигин айтып өттү.
Жөө жүрүү эрежесин так билбегендиктен, жол эрежесин бузуп, көптөгөн кырсыкка кабылып өмүрлөрүнө коркунуч алып келгендигин баса белгиледи.
Окуучуларга жол коопсуздугун сактоону , класс жетекчилер менен биргеликте класстык сааттарда аңгемелешүүнү жургүзүү зарыл экендигин айтып өттү.
- 1 Кароолор