4.12.2023-ж.соцпедагог Г.К.Субаналиева “3- декабрь –майыптарды коргоонун Эл аралык күнүнө” карата бир айлык “Биз биргебиз” акциянын алкагында 7-“А”,7-“Б”,7-“В”,7-“Г” классынын класс жетекчилери М.Куйпиева, Ж.Батыркулова,Б.Карагулова, А.Мамышова “Биз биргебиз” деген темада окуучулары менен биргеликте иш-чара өтү. Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелери менен келген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларыбызга дасторкон жайылып, окуучулардын аткаруусундагы ыр -күүлөр, бийлер, атайын арналган белектер,жүрөк жибитер жылмаюулар, асыл сөздөрдүн букети-баары биздин конокторго арналды. Иш-чараны улай 3-“А” классынын класс жетекчиси Ү.Эгизбаева окуучулары ала келишкен таттууларын, окуучусу Каниет Ажыманов менен татттуулап кетти. Окуучулар өз өнөрлөрүн ыр, бийлерин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар менен биргеликте шаңдуу өткөрүлдү. Иш-чаранын соңунда балдарга арнап атайын тартууланган белектер тизмедеги окуучуларга берилди.
- 1 Кароолор