Улуттук нарк

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинде 12-декабрь Улуттук адабият күнү белгиленди. Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана таланттуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү. Буга байланыштуу кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадырова Айниза Сонунбековна 9-“А” классына “Айтматов жана анын каармандары” деген темада класстан тышкаркы иш чара өттү.
Анда класс “Жамиля жана “Делбирим” тобуна бөлүнүп, жазуучуга арналган көркөм ыр, суроо-жооп, калтырылып кеткен сүйлөмдөрдү толуктоо, жаңылмач, кыз-жигит айтышын, монолог
андан сырткары залкардан калган унутулгус чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөрдү аткарышты.
Таймаштын жыйынтыгында “Жамиля” тобу жеңишке жетишти.
  • 1 Кароолор