Кыргызстанда Санарип контент борбору пайда болот, деди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосунун эфиринде.
«Кыргызстанда болгон билим берүү материалдарын жана окуу куралдарын, мугалимдер өткөргөн сабактарды бир платформага чогултуп жатабыз. Азыр министрлик бир платформанын үстүндө иштеп жатат. Кечээ Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугуштук, донорлорду таап жатабыз. Кыргызстанда бир гана форматтагы электронудк бир мектеп пайда болмокчу», - деп айтты министр.
Ал электрондук мектеп кандай багыттырда иш алып барарын айтты.
«Эгер пандемия каттала турган болсо, бир электрондук мектеп менен мазмунду камсыз кылабыз. Экинчиси — окуу учурунда чет мамлекетке кетип жаткан мигранттардын балдарын ошол мектепке которуп коюп, сабактарын ошол мектепте бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүк беребиз. Үчүнчүсү — ооруп калган балдар. Алар сабактан артта калбаш үчүн онлайн мектепке которуп коёбуз. Ошондой эле чет өлкөдө жүргөн этникалык кыргыздарга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Кыргызстандан ошол мектеп аркылуу билим алууга шарт түзүлөт. Андан сырткары, кээ бир аймактарда айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишпейт. Ошол предметти Республикалык электрондук мектептен алууга мүмкүнчүлүк болот», - деп айтып берди Бейшеналиев.
- 10 Кароолор