Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин декадасында тилчи мугалимдер Назаралиева Ш, Касымбекова А. 6-а,д класстар ортосунда "Эне тилди даңктайлы!" деген темада "Акыл таймаш" өтүштү. Таймаш төмөнкүдөй ыраатта өттү:
1.Саламдашуу
2.Тил тууралуу ырлардан көркөм айтуу
3.Макал-лакаптарды улап айтуу
4."Манас" эпосунан үзүндү
5.Тил, адабият сабагы боюнча жалпы тесттик суроолор
6.Топ башчыларына суроолор
Акыл таймашта окуучулар бабаларыбыз сүйлөгөн кыргыз тилин көкүрөккө терең сактап, кыргыз тили жөнөкөй, угумдуу да, жагымдуу да, көркөмдүү өзгөчөлөнгөн тил экендигине басым жасашты.
- 1 Кароолор