Тарбиялык иштер

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин уюштуруучусу Ташбаева Мунара жана физика мугалими Масилбек кызы Кайыргүл 11-а, б классынын окуучулары менен Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭС каскадынын тарых музейине саякатка барышып, Кара-Көл шаардык “ Кыргызстан пенсионерлер союзунун” төрагасы Токтогулов Сабыр Уезбаевич менен кызыктуу жолугушуу уюштурушту. Музейден киргенден баштап Кара-Көл шаарынын шаар болуп түптөлүшүнө салым кошкон инсандарыбыз, шаардын курулушу, Токтогул ,Күрп-Сай ГЭСтеринин курулуштары , аларга салым кошкон адамдар, кол менен көз тайгылткан энергетика тармагын чагылдырган макеттер, канча жыл өтсө да тарых барактарын боюна сиңирген ошол мезгилге таандык буюмдар окуучуларды суктантып турду. Энергетика тармагында зор салым кошкон жумушчу топтордун сүрөттөрү кайдыгер калтырган жок. Учурдан пайдаланып , шаарды курчаган тоолордун уламышын да кызыктуу кылып айтып, ар бир айтылган маалыматтын баалуулугун эске салды. Келечек жаштардын колунда экендигин айтып, окуучуларга ийгилик каалады. Мектептин уюштуруучусу Ташбаева Мунара Дүйшөналиевна кур кол келбестен баалуу белек көтөрө келгендигин айтып, Кадырова Бактыгүл эженин калемине таандык “ Флора Кыргызстана” китебин музейге тапшырды.

  • 1 Кароолор