Билим берүү

Билим берүү

26.11.2024 күнү Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тагаева Р.А. Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата "Барпы Алыкулов кыргыз элинин улуу акыны" деген темада класстан тышкаркы иш- чара өткөрдү.
"Ак кымкаптан тон албайм,
Ак күмүштөн сом албайм.
Ар кимди барып бир мактап,
Ары жок ырчы боло албайм" - деп Барпы акыныбыздын акындыкка карата болгон мамилесин, көз карашын талдоого алышты. Кыргыз элинин залкар акындарынын бири , улуу Токтогулдун шакирти Барпы Алыкулов экендигин айгинелешти. Окуучулар акындын өмүрү ,чыгармачылыгы тууралуу презентация жасады Акындын ырларынан көркөм окушту.Акындын замандаштарынын эскерүүлөрүн айтып беришти.
  • 1 Кароолор