Улуттук нарк

Улуттук нарк

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тагаева Рахат Аралбековна кыргыз адабияты сабагынан 10-“А” классына 5.12.2024 күнү кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин бир айлыгына карата “М. Элебаевдин «Узак жол» романы автобиографиялык жана тарыхый окуялар жуурулуштура сүрөттөлгөн чыгарма” деген темада ачык сабак өттү. Сабакта окуучулар "Узак жол" — улуттун трагедиясын чагылдырган чыгарма экендигин үй тапшырмасы катары презентациялашты. Кыргыз элинин башына түшкөн 1916-жылдагы оор трагедиялык тагдырды, бир чети падыша өкмөтүнүнүн кысмагында, экинчи жагынан Кытайга качып кыргынга учураган тарыхый чындыкты тарых сабагынын менен байланыштырып ,талкуулашты. Романдагы сюжет улуттук көтөрүлүшкө чейинки элдин жашоосу, көтөрүлүштүн өзү жана кытайга качкан кыргыз элинин тагдыры жөнүндө жазган автобиографиялык чыгарма экендигине композициялык талдоо жүргүзүштү.
«Узак жол» жана анын көркөм дүйнөсү деген темадагы даярдалган суроолорго жооп беришти.
«Узак жол» - күчтүү, багынбас рухтун, өчпөгөн үмүтүн, жашоо үчүн ,эркиндик үчүн, өжөр күрөштү даңазалаган чыгарма экендигин сабакта окуучулар саймедиреп айтып беришти.
  • 1 Кароолор