Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин 10-б,в,11-а,б,5-а,в,г,д, 9-а,б, 1-б, в,г, ж,е,2-г,е, ж,4-г,3-в 8-д класстарынын класс жетекчилери Улуттук адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдыгына карата “Кылым адамы-Чыңгыз”, “Аалам алпы Айтматов” аттуу класстык сааттарды өтүшүп, улуу жазуучунун өмүрү чыгармачылыгы, баскан жолу, үй-бүлөсү, коомдук ишмерлиги, ааламга таанылган чыгармалары жана каармандары тууралуу слайддан биле алышты. Буга чейинки билген маалыматтары менен тең бөлүшүп, тартып келген сүрөттөрүн көргөзүштү. Чыгармаларын талдашып, ар бир чыгармасы жашоо тарбиясын берерине ишеништи.Башталгыч класстар” Чыпалак бала” жомогун кызыгып окушса, жогорку класстар роман, повесттерин чын дилден окушарын айтышты.Жазуучу тууралуу видеолор көрсөтүлүп, окуучулар чыгармаларынан каармандардын образын жаратышты.Класстык сааттар максатына жетти.
- 1 Кароолор