Билим берүү

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Кубанычбек кызы Айпери 3-в классынын окуучуларына 12-декабрь "Улуттук адабият күнүнө" карата кыргыздын залкар калемгери Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымалы, чыгармалары , алган сыйлыктары боюнча маалымат берди. Чыгармаларынын негизинде тартылган кино тасмаларындагы каармандарды билгендеринче айтышып, көргөн кинолору жөнүндө кеп салышты. Улуу жазуучубуз чыгармалары менен адабияттын мыктысы аталып, өмүрү өрнөк экендигин, элдин жүрөгүндө түбөлүк жашап каларын билишти.

  • 1 Кароолор