Тарбиялык иштер

10.12. Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары Кара-Көл шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү башкармалыгы тарабынан уюшулган жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу жөө жүрүшкө чыгышты. Маданият үйүнө келип, доклад окулуп, статистика боюнча жол кырсыктарынын пайда болушу, машинанын качан пайда болгондугун , жол коопсуздугунун качантан бери көзөмөлдөнүп жатканын слайд аркылуу түшүндүрүп, жол кырсыктарынын себептерин , айдоочу жана жөө жүрүүчүнүн кетирген кемчиликтери ар түрдүү жол кырсыктарын бузуп жаткандыктарын баса белгилеп, жол кырсыктарынын түрдүү түрлөрүн баса белгилеп өттү.Эң көп кырсыктар түндө катталары айтылды.Оң рулдуу автоунаалардын кырсыктарга көп учурары , көп учурда адамдардын каза болору ,мопед, скутер менен катышкан жол кырсыктары, жеке мобилдүүлүк каражаттары электр самокат ж б кырсыкка катталышы тууралуу айтылды. Кырсык болгон учурда биринчи жардам көрсөтүү боюнча убагында жана сапаттуу жардам көрсөтүү боюнча түшүндүрүп өттү. Кыргызстанда жалпы унаалардын бир миллион алты жүз миңге жеткендигин баса белгилеп өттү.Видеоролик көрсөтүлүп, окуучуларга жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу эскертүү катары түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлердин иштерин слайд аркылуу көрсөтүп берди. Чакан видеороликтер аркылуу жол кырсыктарынын себептерин көрсөтүп берди Бишкек шаардык жол коопсуздугунун башкармалыгынан келген кызматкерлер менен суроо-жооп уюшулуп, жарандардын суроолоруна жооп берип жатышты.

  • 1 Кароолор