Токтогул атындагы №1 жалпы орто мектебинин 3-а классынын окуучулары үчүн класстык саат өткөрүлдү. Класстык сааттын негизги темасы – "Мектептеги эрежелерди сактоо жана туура тамактануу". Окуучуларга мектептеги эрежелерди сактоо, тартиптүү болушу керектигин түшүндүрүү, ошондой эле ден соолукту чыңдоо үчүн туура тамактануу тууралуу айтылды.
Мектептеги эрежелер, анын ичинде сабактарга кечикпей келүү, тыкандыкты сактоо, досторго жана мугалимдерге ыймандуу мамиле кылуу тууралуу кызыктуу талкуулар болду.
Бул класстык сааттын максаты – окуучулардын ден соолугун сактоо жана мектептеги жалпы тартипти бузбоо үчүн , түшүнүктөрдү берүү болду. Маалымат берген мугалими Эгизбаева Ү.К.
- 1 Кароолор