Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин физика мугалими Какеева Махабат 5-в классына “Чыңгыз Айтматов кылым адамы “деген темада тарбиялык саат өттү. Сабакта Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылыгы, басып откон жолу тууралуу кенен маалымат берилди.Чыңгыз Айтматовдун биз буга чейин дагы далай чыгармалын окуп, анын кыргыз адабиятына дегеле кыргыз элине кошкон опол тоодой чон салымын эскерип айта жүрүшүбүз биздин атуулдук милдетибиз экенин дагы бир жолу эскердик. Мындан нары далай муун Айтматов ааламы менен жашаары айныгыс чындык. Залкар жазуучу кыргыздын эле эмес, дүйнө адабиятынын кемибес кенчи экенин балдар дагы бир жолу түшүнүштү.
- 1 Кароолор