Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими Тагаева Фаризат Улуттук адабият күнүнө карата "Адабият жана нарктуулук" деген темада 9 -а жана 9 -б класстарына класстык саат өттү.Улуттук адабият күнүн белгилөөнүн максаты, улуттук адабиятты түптөгөн жана улуттук адабиятка булуш жасап, жалпы адамзаттык маанидеги маселелерди көтөрүп чыккан кыргыз адабият дүйнөсүн азыркы муунга таанытуу, анын баасын салмагын түшүнө билүүгө өбөлгө түзөт. Улуттук адабият- улуттубуздун аң -сезими, дуйнө таанымы, жашоо образы, элибиздин нукура кулк- мүнөзү, каада-салты. Улуттун өзөгүнөн чыгып жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү козгоп, адамзаттын көңүлүн буруп, эскертип жакшысын жар салып, жаманын бөгөп калууга чакырык таштап, адамзаттын жер үстүндө гармонияда, жер планетасын кастарлап жашоо идеяларын берген улуттук адабияттын дуйно салмактап турганда, кыргыздын азыркы жана келечек мууну биле жүрсүн, сактасын, аңдап түшүнүп, таразалай билсин деп, ар жылы ушул күнү болгон аракетибизди жасайбыз, ар кандай иш- чараларды өткөрөбүз. Менин класстык тарбиялык сабагым да ушундай өңүттөн чыгып, "Адабият жана нарктуулук" деген темада өттү. Улуттук нарктуулук адабияттагы ар бир идея менен берилип, ар бир каармандын образында чагылып турбаса анда ал адабияттын улуттук мүнөзү кайсы. Космосту багындыруу идеясын берген Кусеин Эсенкожоевден тарта адабиятты ааламдаштырган Айтматовго чейин адабиятты улуттун нарк, салт шөөкөттөп турат. Кыргыз поэзиясынын шедеврлери да түбөлүктүү идеяларды улуттук нарктын өзөгүнөн алат. Ар бир инсандын умтулуусу ааламдагы бардык адамдар умтулуусу. Адамзат тынчтыкка, жыргал жашоого умтулат. Ал эми ата- бабанын салты, улуттук наркыбыз, баалуулуктарыбыз жалпы адамзаттын көңүлүн өзүнө буруп, бүткүл инсан таануунун туу чокусу экендиги, салыштырмалуу теңдешсиздиги азыркы муунга маалым болушу керек. Мен сабакта Айтматовдун образдарын талдоо менен Момундагы, Бостондогу ж.б образдардардан улуттук нарктуулукту, атадан калган кичинекей туяктан нарктуу муундун образын, кичинекей Кенжештин табиятка ылым санап турганынан кыргыз мүнөзүн, кыргыз жүрүм турумун, наркын талдап түшүндүрүп берүүгө жетиштим, А. Осмоновдун Ата-Журт ырынын мисалында ата-журттту алдейлеп, бөбөгүндөй аяп, кастарлоодогу кыргыздын мекенчил идеясын түшүндүрүүгө, ошондой ой табылгаларды таба билген акын, жазуучулардын чеберчилигинин салмагын окуучуларга жеткирүүгө далалат жасадым, муюп угуп жана мени менен кошо талкуулап, айрым адабий фразаларды, ырларды бирге жарыша айтып жаткан окуучулардан чоң үмүт калды. Улуттук адабиятты тааный билели, андагы нарктуулукту үйрөнүп улуттук касиетибизди сактайлы. Улуттук наркты сактоодо улуттук адабиятыбыздын салмагы чоң.
- 1 Кароолор