Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынын англис тили мугалим Куйпиева Меис Райымкуловна 28.11.2024-ж 7-“А” классына “ Present Perfect Tense” деген темада ачык сабак өттү. Мугалим сабакты «Hug someone who» жагымдуу жагдай түзүү менен окуучулардын тилин көндүрүү менен баштады. Жаңы теманы түшүндүрүүдө сүйлөө, окуу, жазуу, угуу көндүмдөрүн колдонуп, ар түрдүү интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, сабакты бышыктады. Окуучулар берилген карточкаларга активдүү жооп беришип, сабакты оюндар, көнүгүүлөр менен толукташты. Англис тилинде сүйлөмдөргө анализ да жүргүзүштү. Сабак максатына жетти.
- 1 Кароолор