Мугалим бул- балдарды сүйгөн жана балдардын сүйүүсүнө ээ болгон инсан. Кесиптердин ичинен эң түйшүктүүсү, эң кымбаттуу мугалимдик кесип эмеспи. Мугалимдик кесиптин сырларын ар тараптуу билген, ойлонгон, суроо сураган, жаңыланууга өз салымын кошуп келген, дайыма өз билимин өркүндөтүү үстүндө иштеген, кесибин сүйгөн жана аны дайыма өнүктүрүү үчүн тынбай аракеттенген, жаңы нерселерди ойлоп чыгарууга аракеттенген , жоопкерчиликтүү кесип ээси Чыналиева Элнуранын ийгилиги баарыбызды кубандырды.
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Чыналиева Эльнура Күчүкбаевна ар бир берилген тапшырманы жаңы технологияларды колдонуу менен, окуучулар жана ата-энелер, мугалимдер менен бирдикте талыкпаган эмгеги менен республикада 1-даражадагы диплом жана турцияга жолдомо алды.
"САНАРИП МУГАЛИМ” республикалык сынагы 2019- жылдын ноябрь айынан баштап Санарип академиясынын жетекчиси Асылбек Мадалиев тарабынан уюштурулган.
Сынактын максаты жана милдети:
Жаш муунду тарбиялоонун татаал жолунда талыкпай эмгектенип келе жаткан жалпы эле мугалимдер журтуна колдоо көрсөтүү, мугалимдерди өтө тез өнүгүп-өсүп өзгөрүлүп жаткан коом менен бирге мугалимдерге да жаңы технологиялар жана ыкмаларды ыкчам үйрөнүп, аны иш жүзүнө ашырууга аракеттенип иштөөгө шыктандыруу жана санариптүү Кыргызстанды курууга салым кошуу.
Сынакты өткөрүү багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
-Жаңы технологияларды жана жаңы ыкмаларды окуу прессесинде колдоно билүү;
-Медиа сабаттуулук;
-Туура кесип тандоо;
-Окуучунун билим деңгелин жогорулатуу;
-Үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана өнүктүрүү;
-Маанилүү социалдык институт катары заманбап үй-бүлөнүн беделин жогорулатуу ;
-Экологиялык маданияттуулукту жана экологиялык аң-сезимди калыптандыруу;
-Ыктыярчылык кыймылды жандандыруу;
-Өсүп келе жаткан жаш муунду тарбиялоо багытында иш алып баруу;
-Китеп окуу маданияттын жайылтуу багытындагы иш чаралар;
-Ата-энелер менен иш алып баруу.
Көрсөтүлгөн багыттарда өткөрүлгөн иш чараларга төмөнкүдөй баа берилет:
-Теманы чыгармачылык жактан ачып берүүсү;
-теманы кесипкөйлүүлүк менен сүрөттөп берүүсү;
-күнүмдүк сабактарга айтылган темалардын колдонулушу;
-иш-чараны өз убагында уюштуруу;
-катышуучулардын саны;
-иш-чаранын окуучуларга жана ата-энелерге болгон таасири;
-өз убагында фото жана видео отчетторду жөнөтүү
Ушундай максатта, багытта өткөрүлгөн сынакка катышуу менен 2020-2021-жылында көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Шаарда жылдын жыйынтыгы менен
"Санарип мугалим", "Жылдын мыкты мугалими", номинацияларына дагы ээ болду.
- 104 Кароолор