Эскурсия

Токтогул атындагы № 1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3-а классынын окуучулары 2024-жылдын 18-декабрында Токтогул ГЭСтеринин КАСКАДынын Тарых музейине кызыктуу саякатка барышты.
Окуучулар музейдин жетекчиси Сабырбек Уезбаевич тарабынан ГЭСтердин курулушунун тарыхы, инженердик технологиялар жана электростанциянын аймактагы ролу тууралуу баяндоону угушту.
Саякаттын жүрүшүндө окуучулар кызыгуусу жогору болуп, көптөгөн суроолорду берип, музейдин ар кандай бөлүмдөрүн кароого катышышты. Мындан тышкары, ГЭСтин техникалык аспаптары жана тарыхый сүрөттөр менен таанышып, жаратылыш жана энергетика тармагы тууралуу билимдерин кеңейтти.
Бул саякат окуучулар үчүн маанилүү баскыч болуп, окуучуларга маанилүү таасир калтырды.
Маалымат берген мугалими Эгизбаева Ү.К.
  • 1 Кароолор