Кара-Көл шаардындагыТоктогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили адабияты усулдук бирикменин декадасы жыйынтыкталып, семинар өткөрүлдү.Семинарда кыргыз тили жана адабияты мугалими Касымбекова А. "Кыргыз тили жана адабияты сабагында окуучулардын кептик этикетин калыптандыруу" деген темада доклад окуду.Докладда окуучулардын кептик этикетин башталгыч класстан баштап үйрөтүү менен жогорку класстарда окуучулар кептик этикетке толук калыптанып калууга жана ал үчүн үчүн мугалим ар кандай формада иш жүргүзүү маанилүү экендиги айтылды.Сылык сөздөр камтылган оюндар,баарлашуу ж.б окуучунун кайсы жерде кандай суйлөө этикетин туура калыптанышына эле таасир этпестен, анын адамдык мыкты сапаттарга ээ болгон адам болушуна да өбөлгөсү зор экендигин баса белгиледи.
- 1 Кароолор