Билим берүү

Токтогул атындагы N-1 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Шакирова Авазкан
4-б классынын окуучулары менен мектеп китепканасына барып, "Китеп дүйнөсү – кереметтерге толо" деген темада кызыктуу жана пайдалуу иш-чара өткөрүштү.
Алар “Түлкүнүн жаңы үйү” аттуу жомокту угуп, экрандан көрүп анын мазмунун терең талкуулашты. Мындан тышкары, окуучулар өздөрү окуган китептерден түшүнгөндөрүн айтып, окурмандардын кызыгуусун арттырды.
Иш-чара абдан кызыктуу жана жемиштүү болду. Окуучулар жомоктор аркылуу жаңы сабактарды үйрөнүшүп, өз ойлору менен бөлүшүүгө шыктанышты. Китепканага баруу алар үчүн өзгөчө таасир калтырды жана келечекте дагы ушундай иш-чараларга катышууга кызыгуусун арттырды.
  • 1 Кароолор