Билим берүү

Токтогул атындагы N-1 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Арыкбаева Шарипа 3"б" классы менен "Сен китепти ачсан, китеп сени ачат" деген темада класстан тышкаркы иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын максаты:
Балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, жомоктордун мазмунун түшүнүү жана бири-бирине ой бөлүшүү аркылуу коммуникативдик көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Иш-чаранын жүрүшү:
3-класстын окуучулары китепканага барышты. Китепканачы балдарды жылуу тосуп алып, аларга жомок китептерди тандоо мүмкүнчүлүгүн берди. Ар бир окуучу өзүнө жаккан жомок китепти алып, аны тынч атмосферада окуп чыкты.
Китеп окуп бүткөндөн кийин окуучулар жыйынга чогулуп, өздөрү окуган жомоктордун мазмунун классташтарына айтып беришти. Ар бир бала өзүнө эмнени жактырганын жана жомоктон кандай сабак алганын бөлүштү. Кээ бир окуучулар кызыктуу эпизоддорду баяндап, досторун шыктандыра алышты.
Натыйжасы:
Бул иш-чара окуучулар үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Алар китеп окуунун маанилүүлүгүн түшүнүп, бири-бирине ой бөлүшүү аркылуу жаңы нерселерди үйрөнүштү. Мындан сырткары, китепканага болгон кызыгуусу артты.
Жыйынтык:
"Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат" темасынын негизинде өткөн иш-чара балдарга чоң таасир берди. Мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүү китеп окууга болгон кызыгууну күчөтөт жана балдардын билим алуусуна чоң салым кошот
  • 1 Кароолор