Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими Аскарбекова Айзада Талантбековна 17-декабрь күнү жаш адистердин декадасында 7-“А” классынын окуучуларына “Функция түшүнүгү. Функциянын аргументти жана анын мааниси” деген темада ачык сабак өттү.
Сабакты окуучуларга нейрогимнастика жасатуу менен баштап, өтүлгөн темаларга кайталоо жүргүздү. Кайталоодо окуучулардын билимдери жакшы экендиги тастыкталды. Слайд аркылуу мясорубка, принтер жана бадырак жасоочу апараттын сүрөттөрүн чыгарып, “Булар эмне функция аткарат?” деген суроо коюп, окуучулардын ар түрдүү жообу менен темага багыталуучу суроолор берилип,
алгебрадагы функция түшүнүгүн, анын берилиш жолдорун түшүндүрүп, окуучуларды өз алдынча, доскада ар кандай типтеги мисалдар аркылуу тапшырмаларды иштетти.
Бышыктоодо LearningApps платформасын колдонуп оюн аркылуу окуучулар берилген тапшырмаларды кызыгуу менен аткарышты.
Функцияны турмушта кандай кырдаалда колдоно алышаарын көрсөтүү максатында, окуучуларга өз колдору менен жүгөрүдөн бадырак чыгаруучу апаратты жасашып, ошол учурда бадыракты да өздөрү жасаган аппарат аркылуу жасап чыгарып, окуучуларда дагы алдыга умтулууга ишенимдер пайда болду. Алгебра сабагында “функция” деген теманын маанисин терең түшүнүү менен кабыл алышты. Сабакты жыйынтыктоодо темага байланышкан “Ооба жок” оюнун ойнотуп, окуучулардын алган билимдери бааланды. Окуучулар сабакка активдүү, өз оюн толук айтышып, берилген тапшырманы чыгармачылык, кызыгуу менен аткарып жатышты.
- 1 Кароолор