Токтогул атындагы N-1 жалпы орто билим берүү мектебинин англис тил мугалими Элүүбек кызы Нуриса 6"а" класска "New Year's around the world " деген темада " Жаш адистер " декадасына ачык саат өттү.
Ачык сабак "New Year’s in the World" темасында 6-класстар үчүн өтүлүп, негизги максаты окуучулардын тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана Жаңы жыл майрамдарынын дүйнө жүзүндөгү өзгөчөлүктөрү тууралуу маданий маалымдуулукту жогорулатуу болду. Сабак интерактивдүү жана кызыктуу форматта уюштурулуп, окуучулар жаңы сөздөрдү үйрөнүп, топтордо иштеп, Жаңы жылды белгилөө салттары боюнча маалыматтарды талкуулашты. Тапшырмалар алардын командада иштөө жөндөмүн өрчүтүп, критикалык ой жүгүртүүсүн күчөттү. Сабактын жыйынтыгында окуучулар башка өлкөлөр жөнүндө кызыктуу маалыматтарга ээ болуп, кругозорун кеңейтип, көйгөй чечүү, команда менен иштөө, креативдүү ой жүгүртүүсүн жана англис тилинде 4 негизги жөндөмдү (сүйлөө, угуу, жазуу, окуу) өнүктүрө алышты. Ошондой эле, окуучулар сабак учурунда өздөрүн активдүү көрсөтүп, сабак кызыктуу болгонун белгилешти.
- 1 Кароолор