Декада

Декада

Токтогул атындагы №1 жалпы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Назаралиева Ш.С кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин бир айлык жыйынтыгын чыгарды. Тилчилердин бир ай ичинде өтүлгөн ачык сабактары, акыл таймаштар ж.б аткарылган алгылыктуу иштер тууралуу айтылды. Усулдук бирикменин бир айлыгы шаардык китепканада Орозова Тилендин "Жашоо - белек"деген китебинин бет ачары менен жыйынтыкталды. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Касымбекова Асмира "Кыргыз тили жана адабият сабагында кептик этикетти калыптандыруу" деген темада доклад окуду. Мындан тышкары сабактарда колдонулган интерактивдүү ыкмалардын айрымдарын Жумаканова У, Кадырова А көрсөтүштү.

  • 1 Кароолор