Жаш мугалимдер декадасында башталгыч классынын мугалими Бектурганова Гүлнур 0"г"-класска сабат ачуу сабагынан окуучуларга "Чч" тыбышы деген темада ачык сабак өттү. Мугалим сабакты көрсөтмөлүүлүк менен өттү. Багыт берүү менен окуучуларга кызыктуу суроолор аркылуу "Чч" тыбышы катышкан сөздөрдү таптырып, муунга бөлдүрүп, сөздөргө оозеки сүйлөм түздүрттү. Окуучулар улам кызыгуу менен тапшырмаларга жооп берип жатышты. Ыкчам текшерүүдө мугалим окуучуларды 6 топко бөлүп, ар бир топко ар кандай тапшырмаларды берди.
1-топ. Чч тамгасы катышкан сүрөттөрдү чаптоо.
2-топ. Чч тамгасынан муун түзүү.
3-топ. Пластилинден "Чч" тыбышы катышкан буюмдарды жасоо.
4-топ. Шишканын жардамы менен Чч тамгасын түзүү.
5-топ. Торчолорго ылайыктап сөздөрдү жаз жана сүрөттөрдү жайгаштыр.
6-топ. Чыныдагы тамгалардан сөз куроо.
Сабакты бышыктоо үчүн мугалим " educaplay" жасалма интелекти пайдалануу менен "Ооба жана жок" деген оюнун жардамы менен сабакты бышыктады. Баалоого кар кишинин макетинин ичиндеги татууларды берди. Сабакка катышкан ШБББнүн башкы усулчусу Тилек Орозова сабакка анализ берип, эң мыкты сабак болду деп өз пикирин билдирди.
- 1 Кароолор