Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3- в классынын класс жетекчиси Кубанычбек кызы Айпери 26-декабрь "Ата-эне мектеп бириксек, балдарда болот келечек" деген темада энелер мектебин өткөрдү. Бул темада сүйлөшүүдөгү негизги максат:
1. Эне менен баланын ортосундагы байланышты чыңдоо
2. Ынтымакты арттыруу
3. Жашоого багыт берүү
4. Жөндөмдүүлүгүнө байкоо салып, аны өнүктүрүү
Ата-энелер менен биргеликте теманын тегерегинде аңгемелешүү жүргүзүлүп, бала тарбиялоодо эненин ролу, эне менен баланын ортосундагы мамилени чыңдоонун жолдору тууралуу айтылды. Эненин баласына берген мээрими, тарбиясы жана колдоосу келечекте коомго татыктуу инсандарды алып келери, эне менен баланын бул байланышынын маанисин түшүнүү жана аны чыңдоо ар бирибиздин милдетибиз экендиги баса белгиленди.
Ата-энелер балдарына жүрөгүнөн чыккан бийик тилектерин айтышты. Сүрөттөрдү чогултуу менен топторго бөлүнүштү.
Эне менен баланын жакындыгын билүүгө карата түзүлгөн анкетаны толтурушуп, балдарынын жооптору менен салыштырышты. Үйдөн балдарынын сабактарына кандай жардам көрсөтөрүн текшерген таймаш уюштурулуп, жыйынтыгында 3100 балл менен "Жаз" тобу 1-орунду, 2400 балл менен "Күз тобу" 2-орунду, 1400 балл менен Кыш тобу" 3-орунду ээлешти. Ата-энелер балдар менен болгон байланышты дагы да чыңдайбыз деген ойлорун айтуу менен жыйынтыкталды.
- 1 Кароолор