Токтогул атындагы № 1 мектеп – гимназиясынын “1- июнь- балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата аткарылган иш-чаралар

“1- июнь- балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата 4-7- класстар арасында ”Менин үй- бүлөм” деген темада “ Мыкты дилбаян” сынагы болду. Сынакка окуучулар активдүү катышышты. Жыйынтыгында мыкты дилбаяндар сынагында жеңүүчү болуп төмөнкү окуучулар табылды. 7-“А” классынын окуучусу Кадыров Касым,Жоломанова Айсезим, Молдоканова Назбийке, 4-“В” классынын окуучусу Жайнарбекова Кадича, 5-“Б” классынын окуучусу Садыржанов Баатыр мэриянын ардак грамотасына ээ болушту. БЧҮ уюштурган майрамдык парадга 4-Б,4-“В”,4-“Г” классынын окуучулары активдүү катышышты. 4-“В” классынын класс жетекчиси Майнаева Насыят, 4-“Г” классынын класс жетекчиси Оморова Мээрим окуучуларына ата – энелердин жардамы менен кийимдерди тиктиришип кийишти. 1- класстарынын класс жетекчилери Эгизбаева Ү.К. ,Арыкбаева Ш эжекелер окуучуларын “ Менин үй- бүлөм” деген темада асфальтка сүрөт тарттырышты.  1-класстын окуучуларына 11- класстар тарабынан концерттик программа тартууланды.

  • 3 Кароолор