семинар

семинар

Токтогул атындагы √ 1 жалпы билим берүү орто мектебинде 2024- жылдын 30- декабрында , "Социалдык- эмоционалдык өнүгүү" деген темада семинар өтүлдү. Семинарды, Россия мамлекети тарабынан өтүлгөн онлайн- вебинарга катышкан орус тили жана адабияты мугалими Молдомусаева Ызат Кадыровна өттү. Социалдык- эмоционалдык өнүгүү (СЭН) - бул балдардын, өспүрүмдөрдүн жана чоңдордун өзүнүн эмоцияларын түшүнүүсү, башкаруусу, өзүн жана башкаларды урматтоо менен баалоо, өз ара социалдык байланыштарды түзүү жана сактоо, ошондой эле жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн камтыган процесс болгондуктан, замандын талабына ылайык ийгиликтүү болууга багытталган стратегияларды иштеп чыгуу зор мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Ошол стратегиялардын бир жумалык макулдашуу түзүү боюнча, кеңири токтолуп, максаты, форматы, кандай бөлүктөрдөн турушун жана кандай иш- аракеттерди кылуу керектигине токтолду. Макулдашуу окуучулар менен мугалимдин ортосунда түзүлөт. Макулдашуунун жыйынтыгы: мектепте билим сапаты жогорулап, окуучулардын бири-бирине жана мугалимге болгон сый- урматын арттырат, позитивдүү сүйлөө адаттарын калыптандырат, конфликттерди азайтуу жана боорукерликти өнүктүрүүсүнө жол ачат . Семинар жогорку деңгээлде, мугалимдердин колдоосу менен аяктады

  • 1 Кароолор