АКШ нын Кыргызстандагы Элчилиги

Токтогул атындагы #1 мектеп-гимназиясынын англис тили Эркинбекова Чолпон Эркинбековна 10.12.2023 -10.11.2024 АКШ нын Кыргызстандагы Элчилиги уюштурган С5+ONE программасынын алкагында Кара-Көл шаарынын энергетика тармагынын чыгаан адистерине англис тилин үйрөтүп,эл аралык деңгээлдеги тажрыйба топтоду.Айтылган программада 1 жыл иштегендигине карабастан ,элчилик уюштурган квалификацияны жогорулатуу курстарына активдүү катышып,билимин жогорулатты.Жыйынтыктоочу бүтүрүү аземинде окуучулары Молдобаев Темирбек, Султаналиев Саид, Нурсултан Бакытбековдор өздөрүнүн проектилерин англис тилинде эң мыкты жакташып,60 катышуучунун арасынан 3,7,26. орундарды ээлешип, Өзбекстандын Ташкент шаарына 5 күндүк жолдомо утуп алышты.АКШ элчилигинин башкы методисти профессор Дженевив Балдерстан жана координатор Эркинбаева Айтурган Кара-Көл шаарында эки ирет болушуп, мугалимдер жана окуучулар менен маектешип,чай үстүндө пикир алышышты.

  • 1 Кароолор