Токтогул атындагы #1 мектеп-гимназиясынын англис тили Эркинбекова Чолпон Эркинбековна 28.11.2024-ж 9-“А” классына “ Will and Going to ” деген темада ачык сабак өттү.
Мугалим сабакты «Say Something round,say something +adj» атту жагымдуу жагдай түзүү менен окуучулардын тилин көндүрүү менен баштады. Жаңы теманы түшүндүрүүдө сүйлөө, окуу, жазуу, угуу көндүмдөрүн колдонуп, ар түрдүү интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, сабакты бышыктады. Окуучулар берилген карточкаларга активдүү жооп беришип, сабакты оюндар, көнүгүүлөр менен толукташты. Англис тилинде сүйлөмдөргө анализ да жүргүзүштү.Окуучуларды ордунан тургузуп,ошол менен бирге бышыктоочу “Mime it” карточкада англис тилинде жазылган кыймыл аракетти сөзсүз көргөзуп,отурган окуучу көргөнүн сүрөттө максаты болгон оюнду ойношту.Кийинки сабакка тапшырма берилди,журналга баалар коюлду.Сабак
максатына жетти.
- 1 Кароолор