ЯНВАРЬ КЕҢЕШМЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ.
Бүгүн 2025- жылдын 10- январында Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө шаардык мектептердин мугалимдерине Январь кеңешмеси өткөрүлдү.
Окуу-усулдук кабинети тарабынан ар бир предметтер боюнча секциялык иштердин темасы бекитилип, мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүлдү.
Ал эми стем мугалимдер (математика жана илим) "Санарип кампа" менен иштөөнүн жолдору менен таанышып, практикалашты.
Жалпысынан секциялык ишке 320 дан ашык мугалимдер катышышып, методикалык куржундарын толуктап кайтышты.
- 1 Кароолор