STEM

STEM

САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ- СТЕМДИК ОКУТУУГА НЕГИЗГИ ТАЯНЫЧ
(STEM дик компетенцияларды калыптандыруунун 5 этабы).
Бүгүн 2025-жылдын 14- январында Кара -Көл ШБББнүн алдындагы окуу-усулдук кабинетинин башчысы Т.К.Орозова тарабынан STEM предметтеринин мугалимдерине " Сабактын 5Е модели- стемдик окутууга негизги таяныч" - деген темада шаардык усулдук семинар өткөрүлдү.
Семинар STEMдик компетенция- ларды калыптандыруунун 5 этабы менен тааныштырып, стем сабактарын өтүүдө "Санарип кампаны" максаттуу пайдалануу, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жолдорун карап чыкты.
Сабактын 5E модели - бул окуучуларга билимди натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берүүчү заманбап окутуу ыкмасы.
Бул модель Джозеф Байбоп (америкалык окмуштуу, бул модель BSBS уюму тарабынан 1987- жылдан бери колдонулуп келе жатат) тарабынан иштелип чыккан. Алгач, өзгөчө илимге багытталган сабактарда колдонулган, учурда бардык эле предметтерге кеңири колдонулуп келе жатат, себеби ал конструктивдик (“конструкция” –куруу дегенди билдирет б.а. өз билимине таянып, жаңы билимди куруу, өздөштүрүү) окутуу теориясына негизделген жана активдүү, өз алдынча билим алууга багытталган.
Джозеф Байбоп- “Мугалим түшүндүрөт, окуучу угат” моделинен баш тартып, табигый илимдерди окутууда окуучуларга өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, практикалык тажрыйбаларды колдонууга жана логикалык ойлоосун өстүрүп, өз алдынча жыйынтык чыгарууга басым жасайт.
5Е Модели билим алууну окуучунун кызыгуусун, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана билимди өз алдынча өздөштүрүүсүн арттырууга багыттайт. Бул модель беш негизги этаптан турат:
1Е- Engage - Вовлечение -Кызыктыруу
2Е- Explore - Исследование -Изилдөө
3Е- Explain- Объяснение -Түшүндүрүү
4Е- Elaborate - Углубление -Кеңейтүү
5Е- Evaluate- Оценка - Баалоо.
Стемдик окутууга колдонуучу “Санарип кампа” ушул 5Е моделдин негизинде түзүлгөнүн байкоого болот. Себеби санарип кампада темага ылайык сабактын планы, видео-материал, презентация, 3D модель (кызыгуу жаратат), симулятор (реалдуу шарттарда тажрыйба жасоо- үйрөнүү), көнүгүү (баалоо учурунда тесттик иштер, кроссворд, аналитикалык ой -жүгүртүү ж.б.), инфографика (татаал маалыматтарды тез жана оңой кабыл алууга шарт түзүү- сүрөттөр, анимациялар, графика ж.б.), электрондук китеп да берилген.
Стем мугалимдери, учурдагы билим берүүнүн өзгөрүү жолунда бирден -бир "12 жылдык окутуу концепциясын" жүзөгө ашыруучулар, өзгөрүүнү өзүнөн баштаган креативдүү педагогдор. Бүгүн семинардын катышуучулары Сингапурдук окутуунун жаңы "5Е моделин". үйрөнүү менен усулдук куржундарын дагы бир ирээт толуктап кайтышты.
  • 1 Кароолор