Жалал-Абад областтынын Кара-Көл шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 9-“А” ,11-“А” классынын окуучуларынан түзулгөн топтор Бишкек шаарына барып келишти. Себеби : “ Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” программасын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата, ошондой эле Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 28 – май күнү ЭИТУда бүткүл республикалык мектеп окуучулар арасында интеллектуалдык оюндун жыйынтыктоочу туру өткөрүлдү. Буга чейин “Ийгилик жолу” аталыштагы студенттерден куралган топ Кыргызстандын 7 областындагы орто мектептерди кыдырып интеллектуалдык оюн өткөрүшкөн. Кара – Көл шаарынын мектептеринин арасында Токтогул атындагы № 1 мектеп – гимназиясынан куралган “Ынтымак”, “Эрдик” топтору республикалык турга катышууга укук алышкан. 9-11- класстарынан куралган 1 орунду камсыз кылган 150 окуучунун арасында “Активүү катышуучу “ серификатына ээ болуп келишти.
- 3 Кароолор