Токтогул атындагы #1 жалпы орто билим берүү мектебинин англис тили мугалими Анарбекова Миргуль Колбаевна 26.12.2024-жылы 9-А классына “First Conditional” деген темада ачык сабак өттү. Сабакта окуучулар англис тилиндеги беш шарттуу сүйлөмдөн биринчи шарттуу сүйлөм жөнүндө кенен маалымат алышып, учур чактагы реалдуу кырдаалды, иш жүзүндө болушу мүмкүн болгон нерсени айтып берерин түшүнүштү. Шарттуу сүйлөм салттуу түрдө эки бөлүктөн турат: шарт жана натыйжа.
Окуучулар интерактивдүү көнүгүүлөрдү аткарышып, реалдуу турмушка байланыштырып сүйлөм түзүшүп, ыр аркылуу бышыкташып, жекече, түгөй, топтор менен биргеликте берилген тапшырмаларды аткарышып теманы толук түшүнүшүп, сабак максатына жетти.
- 1 Кароолор