PISA

PISA

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинде 15-январдан Кыргыз Республикасынын билим берүү илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Pisa компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын табигый-илимий математикалык сабаттуулугун жогорулатуу” деген темада Кара-Көл шаарындагы математика мугалимдерине 72сааттык курсту Туралиева Аза Туркмановна эжекебиз окутту. Ар түрдүү ыкмалар менен темага кызыктыруу, темага кызыгууга тартуу, кызыгуучу усулдук фокустар, МКТ, физикалык чөйрө, бир сөз менен айтканда темага көңүлүн бурдуруу, көңүл буруунун кайырмагына илүү. Илимий-изилдөө иш аракеттинин технологиясы – балдарга өз алдынча ачкан объектилер, процесстер жана кубулуштар жөнүндө маалымат берүү, окуу процессин уюштуруу ыкмасы. Эвристикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана көйгөйлүү маселелерди жана проблемаларды чечүү, эксперименттерди уюштуруу жана байкоолорду жүргүзүү, изилдөөлөрдүн жана эксперименттердин натыйжаларын, эмгектик жана башка иштердин натыйжаларын аларды кийинки талдоо жана баалоо үчүн жазып кою жана сактоо . Сингапур математикасындагы CPA (Concrete-Pictorial-Abstract) методу - бул математиканы окутуунун натыйжалуу ыкмасы. Бул ыкма окуучуларга математикалык түшүнүктөрдү терең жана туруктуу өздөштүрүүгө жардам берип, мындан кийинки курстан алган ыкмаларын математика мугалимдер окуучуларга колдонуу жолдорун үйрөнүштү. Тренердин берген маалыматтары түшүнүктү жана практикалык мисалдар аркылуу түшүнүктүү болду. Катышуучулар менен тренердин ортосунда жакшы байланыш түзүлүп, мындан ары дагы жакшы маалымат алмашуулар болуп турары билдирилди.

  • 1 Кароолор