Жалал – Абад областынын Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында “Энелер мектеби” үчүн сабактар өтүлүүдө. “Эненин статусу күн шооласы сыяктуу болот” – дегендей бүгүнкү кыргыз эли эненин статусун эң бийик чокуга койгондугу менен бөтөнчөлөнөт. Ошондуктан балдарга билим-тарбия берүүдө да эненин айкөл мээрими, тарбиясы балдарыбызга күндүн шооласы сыяктуу керек
1.03.2019-ж. 2 “Д” классынын класс жетекчиси Токтосунова Ж.К. “Балдар-биздин келечегибиз” деген темада энелерге сабак өттү. Сабакта балдарды шыктандыруучу “ Сен менин ишенген уулумсуң”,”Сен келечекте мыкты инсан болоруңа ишенем” деген фразалар менен балдарга дем, шык берүү зарылдыгы айтылды.
1.03.2019-ж. Башталгыч классынын мугалими Мирская Л.В. энелерге сабак өттү. Ошондой эле класс жетекчилер Курамаева Н., Умарова А., Сатыбалдиева Э., Г.Жумаевалар тарабынан “Энелер мектебинде” ата – энелерге кеңеш, видеороликтер көрсөтүлдү. Орус класстарында сүйлөө кебин өстүрүү башкы планда экендиги айдан ачык. Ошондуктан энелер менен бирге китеп окуу максатка ылайыктуу экендигин мугалимдер айтып өттүштү. Энелер китепти кантип шар окуу, логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү боюнча кеңештер айтылды. Энелерибиз жомоктордон сценка аткарышты. “Баланы туура тарбиялоодо анын айланасындагылардын таасири маанилүү . Айрыкча ата –эне балага үлгү болуусу зарыл” экендигин мугалим Мирская Л.В баса белгиледи.
1.03.2019-ж. Сактанбекова Элмира башталгыч классынын класс жетекчиси 0-“г”классына “Энелер мектебинин максаты жана милдети” ,”Балдарды эмгекке тарбиялоодогу кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгү” -деген темада ата-энелерге сабак өттү.
Сабакта “Энелер мектебинин жобосу” менен тааныштырды. Энелер мектебинин биринчи сабагында жагымдуу маанай түзүлдү.
Албетте, тарбия үй – бүлөдөн башталат. Андыктан үй- бүлөдөгү тарбия мамлекеттин күч – кубаттуу пайдубалы. Ошондуктан баланы тарбиялоодо негизги ролду үй- бүлө же ата – эне аткарат.
Энелер “Узчулук”,”Чеберчилик”,”Зергерчилик” деген үч топко бөлүнүштү. “Кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүгү” деген темада мугалим теориялык билим берди. 0 класстары көбүнчө аппликация,ийлеп чаптоо,пластилин менен иштөөнү аткарышты. Аппликациядан гүл ,шырдактын оюуларын, түшүрүштү. Ал эми пластилинден турмуш- тиричиликке керектүү идиш- аяктарды жасашты. “Балдарды эмгекке тарбиялоо- бул ата – эненин милдети болуп саналарын, кичинесинен эмгекке үйрөтүү керектигин мугалим баса белгиледи. Балдар өздөрү кызыккан иштерди аткарууга умтулушат. Бирок аны бардык ата – энелер колдой беришпейт. Бул учурда эмгекке кызыгуу бошоңдой баштайт. Ошондуктан балдардын кичине болсо да эмгегине баа берип, ынтызарлыгын арттыруу керек” дейт 0-“Г” классынын класс жетекчиси Сактанбекова Э
“Атаны көрүп уул өсөт,
Энени көрүп кыз өсөт” деген макалды энелерибиз чечмелешип сабак соңуна чыкты.
16.02.2019ж. күнү башталгыч классынын мугалими Токтосунова Б. 2 -“В” классына“Энелер мектеби- ийгиликке жетүүнүн ачкычы” деген темада энелер үчүн сабак өттү. Энелерибиз топторго бөлүнүп, жагымдуу жагдай үчүн “Баланын жүрөгү”- деген темада окуучулардын энелерге жазган каалоосу, сүйүүсү айтылып энелердин жүрөктөрүн жибитип, көздөрүнөн сүйүнүчтүн жашы айланды. Энелерге бала тарбиялоодогу 8 катачылык видео аркылуу көрсөтүлүп, талкууга алынды. Жаңы идеяларга бай, жаш мугалим Токтосунова Бурулсундун “Энелер мектеби-ийгиликке жетүүнүн ачкычы”- деген темадагы жазган доклады энелердин жүрөгун сыйкыр сезим ээлеп алды. Энелерге арналган сабак “Эненин мээрими” деген темада энелердин балдарына жазган каалоолору, сезимдери, мээрими менен сабак сонуна чыкты. Башталгыч класстарынын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Эгизбаева Ү.К. “Эне аркылуу баланын сабакка болгон мамилеси, жүрүм-туруму калыптанат, ойгонот”- дейт. Чындыгында бала үй-бүлө шартында окуйт жана тарбияланат. Ошондуктан баланын биринчи мугалими болуп “Энелер” эсептелинет.
“Билим башаты -башталгыч класс” -дегендей башталгыч класстарында “Мыкты эне”, “Чоң эне жана небере”, “Келгиле, окуйбуз!” таймаштары ар бир класста өткөрүлүп турат.
31.01.2019ж. күнү башталгыч классынын мугалими Эгизбаева Ү.К. 1- “А” классынынэнелерине “Энелер мектебинин максаты жана мааниси” - деген темада сабак өтүп энелерибиз теориялык билим алышты. Ошондой эле топторго бөлүнүп, балдарды тарбиялоонун жаш өзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоонун жолдорун талкуулашты. Практика жүзүндө көндүмдөрдү, көнүгүүлөрдү аткарышты.
26.09.19 күнү Шакирова А. А. 2-“Б” классынын энелери үчүн сабак өттү. Сабакта энелерибиз “Энелердин билими, маданияты, инсандык сапаттарынын балдар үчүн мааниси , сүйлөшүү маданиятынын элементтерин үйрөтүү”- деген темада аңгемелешти. Энелерибизге ыймандуу, билимдүү , өнөрлүү баланы кантип тарбиялайбыз, адабий китептерге канткенде кызыктырабыз? -деген суроо мугалим тарабынан кабыргасынан коюлду. Энелерибиз мектеп менен тыгыз байланышта болуп,балдарды тарбиялоодо жоопкерчиликтүү мамиле кылганда гана адеп – ахлактуу, билимдүү жаштар өсөрүн айтышты. Жыйынтыгында азыркы коом үчүн билимдин баалуулугу, энелердин үй- бүлөдө татыктуу тарбия берүүсү эң башкы маселе экендигин баса белгилешти.
21.02.19 8-“В” классынын класс жетекчиси Базарбаева З“ Үй – бүлөдөгү эненин орду”- деген темада энелерибиз менен биргеликте аңгеме- дүкөн курушту.
Мугалим энелерибизге эне- тарбиячы,эне- педагог экендигин, баланын билим алуусуна үй- бүлө алгачкы мектеп экендигин баса белгиледи.
22.02.19 күнү 1- “Б” классынын класс жетекчиси Арыкбаева Ш.С. “Энелер мектеби” үчүн “Эне аман- бала аман, эл аман”- деген темада класстык саат өттү. Сабакта эр жигиттерди тарбиялоодо эненин ролу чоң экендигин баса белгиледи, Үй- бүлөдө баланы тарбиялоодо жаш өзгөчөлүгүнө, маданиятту болууга , баланын саламаттыгына , туура тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы эскертилди. Китепти көп окуу балдарга ырахат тартуулап, жан дүйнөсүн тазартып, билимге сугарып, куттуу илим – билимге ээ болору шексиз экендигин мугалим баса белгиледи. Китептин келип чыгыш тарыхы энелерибизге үй тапшырмасы катары берилген. Апаларыбыз берилген ташырмаларды чыгармачылык менен аткарышты. “Акыл”,”Билим”, “Өнөр” командасындагы энелер коюлган аттарын жакташты. “Келгиле, окуйбуз” китепчесинен көнүгүүлөрдү аткарышты. Класс жетекчиси Арыкбаева Ш.С. Касым Тыныстановдун “Билим- түгөнбөс байлык” аттуу аңгемесин көркөм окуп, энелерибиз чыгармадан үзундү аткарып, чыгарманын картасын түзүштү. Эне мугалим менен тыгыз байланышта болсо, баланын кетирип жаткан кемчиликтерин байкап, кетирген каталарынын үстүндө иштесе, мугалимдин берген көрсөтмөсү менен адабий китептерди окутса ,баланын билим алуусу мугалим үчүн да, окуучу үчүн да жемиштүү болот. Өз жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн бала үй шартында окуйт жана өнүгө тургандыгын башталгыч класстарынын мугалими Арыкбаева Ш.С. баса белгиледи.
“ Эне сага кандай мактоо жарашат,
Эне сенден ким сыймыкты талашат.
Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,
Бардык мактоо сага гана жарашат”- дегендей энелерибиздин мектепке, китепке болгон кызыгуусун өстүрүү жана аларды тарбиялоонун жолдорун ,улууну урматтап ,кичүүнү сыйлоого үйрөтүү үчүн күжүрмөн мугалимдер энелер үчүн сабак өтүүнү улантышууда.
26.02.19. 4 -“Б” классынын класс жетекчиси Шайылдаева С “ Үй- бүлөдөгү эненин орду” деген темада энелерге сабак өттү. “Тарбия башаты үй – бүлөдөн башталат” – дегендей балдарды тарбиялоодо энелердин милдети зор экендигин,улуттун да келечеги энелердин колунда боло тургандыгын мугалим баса белгиледи. Өзгөчө жаш энелерге адабий окуу, математика сабактарынан балдарга жардам берип , баланын логикалык ой жүгүртүүсүн, жан дүйнөсүн, талантын ойготууга көмөкчү болорун эскертти.
6-10 жашка чейинки балдар мектепке кызыгуу менен барышат. “Мугалим мектепте, ата – эне үйдө баланын сабакка болгон кызыгуусун, умтулуусун сактап калышыбыз керек”- дейт башталгыч классынын мугалими Шайылдаева С. Ч.
- 3 Кароолор