Билим берүү

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими Чыналиева Э.К 10-”А” классынын окуучуларына “Жогорку республикалык тестирлөөгө математика сабагынан даярдоо” деген темада класстан тышкаркы ачык сабак өтүлдү. Сабакта ЖРТга даярдоо боюнча түшүнүк берилип, аларды туура максат каоюп, билим алып, тестирлөөдө “эң жакшы” балл алууга үндөдү. Тестирлөөдө математика сабагынан канча убакыт берилет?, Кантип убакытты туура пайдалануу керек?, берилген тапшырмаларды чыгаруунун оңой жолдорун колдонуу менен убакытты үнөмдөп чыгаруу үчүн окуучуларга практикалык тапшырмалар берилди. “Мода”, “Медиана”, Арифметикалык орто сан”, “Кулач” деген темаларга түшүнүк берилип, окуучулар өз алдынча жана топтор менен иштешти. Сабакка окуучулар активдүү катышып, көп тапшырмаларды чечмелешти.

  • 1 Кароолор