Токтогул атындагы N-1 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Токтосунова Бурулсун
4-г классынын окуучулары менен мектеп китепканасына барып, кызыктуу жана пайдалуу иш-чара өткөрүштү.
Алар “Мараттын командасы” аттуу жомокту угуп, экрандан көрүп анын мазмунун терең талкуулашты. Мындан тышкары, окуучулар өздөрү окуган китептерден түшүнгөндөрүн айтып, окурмандардын кызыгуусун арттырды.
Иш-чара абдан кызыктуу жана жемиштүү болду. Окуучулар жомоктор аркылуу жаңы сабактарды үйрөнүшүп, өз ойлору менен бөлүшүүгө шыктанышты. Китепканага баруу алар үчүн өзгөчө таасир калтырды жана келечекте дагы ушундай иш-чараларга катышууга кызыгуусун арттырды.
- 1 Кароолор