Токтогул атындагы №1 ЖОББМнин математика мугалими Айбекова Акжибек Айбековна математика жумалыгынын алкагында 5 "Е" классына "Куб. Кубдун бетинин аянты. Кубдун көлөмү" деген темада ачык сабак өттү. Өтүлгөн теманы кайталоо менен балдар жаңы темага киришти. Сабакта окуучуларга кубдардан турган фигураларды турмуштук тажрыйбасына таянып анын канча бети, канча кыры, канча чокусу бар экендигин атай алышты, аянтын эсептөөнүн формуласын өз алдынча таап, эрежесин түзүштү. Кубдун көлөмү деген түшүнүк алышты. Кубиктер менен байланышкан ПИЗА тест алынды. Окуучулардын билими Сократив платформасы аркылуу онлайн тест түрүндө текшерилип, бааланды. Сабак абдан окуучуларга кызыктуу болду.
- 1 Кароолор