Токтогул атындагы №1 ЖОББМнин математика мугалимдери Чыналиева Э, Мырзалиева Э, Айбекова А. 5-класстын окуучуларынын арасында акыл таймаш өткөрүштү. Таймашка ар бир 5- класстын окуучуларынан бештен жалпы класстан 30 окуучу катышты.
1. Команданын атын жактоо
2. Логикалык суроолор
3. Математикалык жаңылмачтар
4. Математикалык табышмактар
5. Маселе чыгаруу jeopardylabs.com аркылуу окуучулар берилген пункттарты командалар өздөрү тандашып, 100-500 баллга чейинки суроолорго жооп беришти. Окуучулар берилген тапшырмаларды кызыгуу менен туура жана так аткарып жатышты. Жыйынтыгында
1-орунга 5"А" класс
2-орунга 5 "Б" класс
3-орунга 5 "Е" класс
4-орунга 5 "Д" класс
5-орунга 5 "В", 5 "Г" класстар ээ болуп, грамоталар менен сыйланышты.
- 1 Кароолор